19-июлда Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода бул жолу видеокөзөмөлдөөчү камералар электр мамычасына эмес, «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунан он метр алыстыктагы бакка орнотулгандыгын айтты.

«Видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана сунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл. Камера эки өлкөнүн чек арасын аныктабайт. Ал эми суу бөлүштүргөн жай тууралуу эки тарап кол коюлган макулдашууларга ылайык өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатат», — Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев буга байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип жатып, чыр чыккан жерди кыргыз аскерлери кайтарып жатканын, анда видеокөзөмол орнотулбаганын айты.

«Мурдагы жаңжал болгон жерге, суу бөлүштүргөн «Головнойго» эч кандай видеобайкоо орнотулган жок. Орнотулбайт, ага жол да бербейбиз. Учурда «Головнойду» Кыргызстандын аскерлери көзөмөлдөп турат. Тажик тарап видеобайкоо орнотуу тууралуу бизге билдирме да берген эмес. Алар Тажикстандын аймагына, аскерлери жайгашкан тилкелерге камераларды орноткон болушу мүмкүн».

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Өкмөттүн ошол кездеги Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.

Эске салсак, 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал «Головной» суу сактагычында тутанып, ал куралдуу кагылышка айланган.

Анда 36 кыргызстандык курман болгон, ондогон турак-жай талкаланып, өрттөлгөн. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.