Ысык-Көлдө болгон коркунучтуу кырсыктан эки жубай жана дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 21-июлда саат 22:00 чамасында Чырпыкты айылына жакын жерде Mitsubishi Galant жана Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыкка жол тандабас унаанын мас абалдагы айдоочусу себеп болгон.

Кырсыктын кесепетинен Мицубисиде бара жаткан беш адам, атап айтканда жубайлар 1966-жылы туулган М.Н. (күйөөсү) жана 1968-жылы туулган З.Э. (аялы), ошондой эле дагы бир үй-бүлө 1969-жылы туулган А.А. (күйөөсү) жана 1967-жылы туулган Т.Н. (аялы). Алар менен кошо унаада болгон 1971-жылы туулган эркек киши да көз жумган.

Мындан тышкары, жол тандабастын жүргүнчүлөрү жана айдоочусу жаракат алышты, Бишкек шаарынын тургундары: 1972-жылы туулган аял С.В., анын уулдары 2012-жылы туулган У.У., 2015-жылы туулган У.А, О. уулу Р. Дарыгерлердин айтымында, үй-бүлө башчысы -айдоочу Ч.У. мас абалында болгон.