Тажикстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн коңшу мамлекеттерге каршы эч качан колдонбойт. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 22-июлда тажик аскерлеринин парадында сүйлөгөн сөзүндө  билдирди.

Бүгүн, 22-июлда Тажикстан боюнча аскер күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилүүдө. «Чек ара-2021» деп аталган машыгууларга 100 миң аскер жана укук коргоо кызматкери, 130 миң запастагы офицер жана жоокер катышууда.

Мындай ири машыгуу Тажикстанда өлкө эгемендик алгандан бери биринчи ирет болуп жатканы айтылууда. Бул машыгуулар Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлүүдө.

Рахмон башкы колбашчы катары эртең менен Улуттук гвардияга барып, аскерий жүрүшкө катышкан. Парадда сүйлөп жатып ал Тажикстан Ооганстандын тагдырына кайдыгер карай албай турганын айткан.

«Коңшу Ооганстанда, айрыкча биз менен чектешкен түндүк аймактарда кырдаал оор, белгисиз бойдон калууда. Кырдаал күн санап, саат санап оорлошуп жатат», — деген ал.

Ошондой эле, ал Тажикстан «коңшу мамлекеттин ички иштерине эч качан кийлигишпей турганын» жана «Куралдуу күчтөрүн коңшу мамлекетке каршы колдонбой турганын» айткан.

Эскерте кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кете баштагандан тарта Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган.