2021-жылдын 22-июлунда 82 жаш курагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери, Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Кемелбаев Нурказы Кемелбаевич дүйнөдөн кайтты.

Нурказы Кемелбаев 1939-жылдын 25-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Аксай айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин жана СССР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолун англис тилин окутуучу, орто мектептин мугалими жана райондук партия комитетинин инструктору болуп баштаган. Андан кийин 1974-жылы СССРдин дипломатиялык кызмат органдарынын системасында Индиянын Калькутта шаарындагы Башкы консулдугунун вице-консулу болуп эмгектенген.

1978–1995-жылдары Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар, пландоо жана тышкы саясаттын экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин кеңешчиси, КМШ башкармалыгынын жана маалымат бөлүмүнүн кеңешчиси болуп иштеген.

Кемелбаев Нурказы 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын жетектеп, улуттук дипломатия мектебин өркүндөтүп, көптөгөн келечектүү адистерди даярдаган.

Мамлекетке жасаган өзгөчө эмгеги бааланып, ал «Даӊк» медалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Россия Федерациясынын биринчи даражадагы Горчаков ордени менен сыйланган, ага «Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы, ошондой эле республика үчүн дипломатиялык кадрларды үзүрлүү даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» ардак наамы ыйгарылган.

Нурказы Кемелбаев өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы – элге жана Мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү.

Кыргызстандын татыктуу уулу жана эң мыкты инсаны Нурказы Кемелбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, С.С. Касмамбетов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, А.Дж. Джунушалиев, Ж.К. Бакашова, А.А. Касымалиев, Т.И. Икрамов, Р.А. Казакбаев, Д.С. Дюшекеев, А.А. Айдарбеков, Г.Дж. Байтерек, Ч.У. Адамкулова, Ж.Т. Туменбаева, М.С. Иманалиев, М.У. Саралинов, Ж.С. Сааданбеков, Л.А. Иманалиева, Дж.А. Атабеков, И.А. Оролбаева М.М. Мамакеев, Т.А. Акматов, Т.Ч. Чынгышов, Э.С. Каптагаев, М.К. Кожоев, Б.К. Астанакулов.