Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү саат 21:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында, тактап айтканда Нур айылында Хонда Степвагон менен Mitsubishi Pajero унаалары сүзүшкөн.

Жерине Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, каза болгондун жансыз денесин жана жабыркагандарды унаадан чыгарышып тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор.