Эл көп жүргөн транспортторго түшкөндө, дүкөндөргө же эл көп топтолгон жайларга барганда этият болсоңуз, чөнтөк уурулардан коргонууга болот.

Эл көп топтолгон жайларда кылмышкер сизди кокустан түртө баштайт. Бул учурда кылмышкердин тузагына илингениңизди бейкапарлыгыңыздан билбей калган учурда чөнтөгүңүзгө же сумкасыңызга колун салып, өз ишин баштайт. Эреже боюнча, уурулардын олжосу болуп пластикалык карталар жана уюлдук телефондор, акча каражаты салынган капчыктар эсептелет.

Албетте, бардык кырдаалды алдын ала көрүү жана бардык учурда кеңеш берүү мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чөнтөк ууруларынын тузагына түшүп калбоо үчүн жарандарга бир нече кеңештерди сунуштайт:

  • чөнтөгүңүздү жана сумкаңызды көзөмөлдөп туруңуз;
  • эгер сиз турган болсоңуз, анда сумкаңызды жаңыңызда бекем кармаңыз, эгер отурсаңыз, алдыңызга коюңуз;
  • эч качан капчыгыңызды, уюлдук телефонуңузду же баалуу буюмдарыңызды шымдын чөнтөгүнө салбаңыз. Ууру үчүн телефонду же капчыкты шымдын арткы чөнтөгүнөн алып чыгуу — бул эң жөнөкөй иш;
  • акча жана уюлдук телефондорду сактоо үчүн ички сыдырмасы бар чөнтөктөрдү колдонуңуз;
  • капчыктын ичиндеги акча каражатын эл көзүнө көрүнө эсептебеңиз;
  • документтерди жана акча каражатын өзүнчө салып жүрүңүз;
  • жол акыны алдын ала даярдап коюңуз;
  • транспортто уктап калбаңыз:

Эсиңизде болсун!

Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз, дароо милицияга 102 номуруна байланышыңыз.

Эгерде сиз күбө болуп калсаңыз, 102ге чалып, кылмыш жөнүндө кабарлаңыз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы