Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, өлкөнүн Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарын алдын алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл.

Ички иштер министрлиги жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүшү керек.

Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бараткан же келаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Мындан тышкары, автожолдордогу кыймылга, жол кыймылынын эрежелерин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.