Ысык-Көлдө кичинекей уулдарын чоочун аялга таштап кеткен эне табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, 17-июлда 59 жаштагы жергиликтүү тургун милиция бөлүмүнө кайрылып, белгисиз аял жашы жете элек эки баласы менен (4 жана 2 жашта) андан ижарага бөлмө алган.

Эртеси күнү балдардын энеси үйдүн кожойкесинен балдарды кароону өтүнүп, сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Массалык маалымат каражаттарына балдардын сүрөттөрү жарыялангандан кийин, балдардын атасы дароо Бостери айылына келип, аларды алып кетти. 22 жаштагы эне милиция жарыя бергенден бир күндөн кийин келген.

Ички иштер башкармалыгы балдарын таштап кеткен аял сүйлөшүүдөн жана кайда болгонун айтуудан баш тартканын белгиледи.