Бүгүнкү күнү  жол кыймылынын эрежелерин сактабоо биздин өлкө үчүн курч тема бойдон калууда. Жол-транспорттук кырсыктардын статистикалык маалыматын анализдөө көрсөткөндөй, жол –транспорттук кырсыктардын негизги себеби-бул айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу: жолдогу өтмөктөрдөн өтүү эрежелерин бузуу, кесилиштерде кезек-кезеги менен өтүүнү эрежелерин аткарбоо,  карама-каршы тилкеге өтүү, автоунааны мас абалында айдоо. Мунун баары адамдын өмүрүн алууга алып келет.

Ички иштер министрлиги эл көп топтолгон жерлерде ылдамдыкты жогорулатпоону, жол кыймылынын ар бир эрежесин так тактоону сунуштайт.

Ылдамдыктын чегинен чыгып айдаган жана жолдогу эрежелерге кайдигер болгон айдоочу айланадагыларга кандай коркунуч алып келип жаткандыгын толук түшүнүшү керек. Автоунаа жогорулатылган коркунучтун булагы болуп эсептелет, ошондуктан айдоочу автоунааны башкарууда этият жана жоопкерчиликтүү болушу керек.

Ылдамдык режимин сактоо-жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүн сактоого жардам берет.

Урматтуу жарандар! Күн сайын сиздер айдоочусуз, жүргүнчүсүз же жолдо жөө өтүп барат жаткан адамсыз. Жолдордо сак болуңуздар! Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна кам көрүңүз!

Айдоочулар эсиңиздерде болсун, Сиздердин жолдогу жүрүм-турумуңуздардан өзүңүздүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрү көз каранды!

ИИМдин Басма сөз кызматы