Кыргыз өлкөсү Афганистандагы этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу эл аралык коомго кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 22-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен улуттар уюму жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун федерациясынын башкы катчысы Жаган Чапаган менен жолугушту.

«Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде табигый кырсык коркунучун азайтууну, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты, саламаттыкты сактоону, миграцияны жана социалдык жардам чөйрөсүнө таасирин тийгизген өлкөдөгү уюштурулуп жаткан долбоордук иш-чараларды талкуулашты. Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсү менен федерациянын ортосунданы ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Афганистандын Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын абалына байланыштуу маселеге токтолуп, туруктуу өкүл уюмдан тийиштүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды. Өз кезегинде Жаган Чапаган уюм өз ишинин алкагында Кыргыз жергесине ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап белгилеп кеткен өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга даяр экендигине ишендирди», — деп айтылат билдирүүдө.