Лейлек айыл аймагынын селден жабыркаган Ак-Терек айылына, жеке ишкер Лейлектин кулуну Исманали Жороев  жардам берди. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдирди.

Алардын айтымында, ишкер Жороев, селден жапа тарткан жарандарга азык-тулүк жана керектүү буюмдарды жеткирип берген. Кырсыктан жапа тартып турган эл, ишкердин көрсөткөн  жардамына ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, 2021-жылдын 19- июлунда саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында жалпы селдин кесепетинен зыян тарткан 38 үй аныкталып, зыян тарткан кошумча турак үйлөр такталууда. Ак-Терек айылынын тургуну 2004-жылы туулган Абдилахат уулу Абдилализ катуу келген селден коркуп, эс учун жоготуп каза болуп калган. Мындан сырткары 3 жаранды (1 кишинин кан басымы көтөрүлгөн, 1 боюнда бар келин, 1 келин колунда баласы менен селге аккан) тез жардам унаасы менен аймактык ооруканага алып барып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ал эми Катраң айыл аймагынын Катраң айылынын Калта-Арык участкасында 15 үйгө сел кирген, калганы такталууда.

Ушул эле күнү Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Миң-Жыгач, айылдарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, селдин кесепетинен 10 үй жабыркаган, калганы такталууда. Болжол менен ири мүйүздүү 40 баш мал агып кеткен, майда малдардын саны такталууда. Жергиликтүү тургундардын тамаркаларына сел кирип, эгилген мөмө-жемиштерин толугу менен алып кеткен. Тогуз-Булак айылында азык-түлүк жүктөгөн жүк ташуучу автоунааны чиркегичи менен агызып кеткен.