Лейлекте чек арада тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Максат, Сада айылдарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Kadam-media.kg” маалымат порталына Исфана шаарынын мэри Чыңгыз Рысов билдирди.

Анын айтымында, чек арада жашаган жарандарга, ыйык Курман айт майрамына карата азык-түлүк жактан жардам берилген.

Возможно, это изображение (на открытом воздухе)

“Исфана шаарынын тургуну, районубуздун мыкты азаматтарынын бири — Чыңгыз Ажибаев  Лейлек районундагы Максат, Интернационал, Сада айылдарында  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайлардын ээлерине, жалпы 170 үй-бүлөгө азык –түлүктөр,  ун, суу  май, макарон, чай, нан, эт кылып ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап,  өзүнүн кайрымдуулугун, жардамын көрсөттү. Ошону менен бирге Исфана, Сүлүктү шаарларынын,  Тогуз-Булак, Көк-Таш айылдарындагы  турмуш —  шарты оор үй-бүлөлөргө, тоголок жетим, жарым жетим атуулдарыбызга да берилди. Жалпысынан 300 үй-бүлөгө жардамын көрсөттү,” — дейт мэр Рысов.

Возможно, это изображение (5 человек, люди стоят и на открытом воздухе)