23-июль, жума күнү Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башчысы Бакыт Джунушалиев көз жумду. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтында кабарланды.

Бакыт Жунушалиев Ленинграддагы Жарандык авиация академиясын аяктаган. Диспетчерлик кызматтан тарта Жарандык авиация мекемелери ассоциациясынын президенттигине чейин жеткен.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланып, «КРдин ардактуу авиатору» наамына татыган.

«Ал эмгекчилдиги, өз ишине берилгендиги жана тегерегиндегилерге чын дилден кылган мамилеси менен башкалардан айырмаланып турчу. Ак көңүл кесиптеш, маанайы жарык адам жана мээримдүү ата дүйнөдөн кайтты», — деп айтылат билдирүүдө.

Жунушалиевдин эмнеден көз жумганы айтылган жок.