Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Эгерде мыйзам кабыл алынса, парламент депутаттары бир мандаттуу округдардын жана партиялык тизмелердин кемчиликтерин эске алган жаңы аралаш система боюнча шайланат. Аралаш тутумда партиялык монополиялар болбойт жана көз карандысыз талапкерлер шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору  күтүлүүдө.

 

«Элчи» коомдук жана саясий изилдөө борборунун директору Денис Бердаковдун айтымында, азыр сунушталып жаткан система, өткөөл, бирок, кыйла ыңгайлуу, чамасы, азыркы Кыргызстандагы саясий чындыкты шайкеш чагылдырат.

“Депутаттардын санын 90 адамга чейин кыскартуу жөнүндө сөз болуп жатат. Баарынан мурда, бул чыгым. Анткени алардын ишинин сапаты депутаттардын санына байланыштуу эмес.

Тескерисинче бул маселе кызматкерлер үчүн. Ошондо чыгымдар,  төрттөн бирине кыскарса, ондогон миллион сомдор менен ачыкталып,  бул өлкөнүн башка бир жерине  керегине  жарайт”, — дейт ал.

 

Новатор талдоочу ошондой эле партиялар үчүн Жогорку Кеңешке кирүү босогосу 3 пайызга чейин төмөндөдү деген маселеге токтолот.

Саясат таануучунун айтымында, бул система көптөн бери комада жаткан ондогон жаңы же эски партиялардын өмүрүн улап, жанданууга алып келет.

«Бирок парламенттеги 55 мандат гана партиялардын ортосунда бөлүштүрүлө тургандыктан, бул парламентке ар бир партиядан үчтөн-бешке чейин, эң көп дегенде алты адам кире алат деген түшүнүккө алып келет. Демек, бул күрөш партиялык аппаратка ээ болгондорду, туруктуу иштеген ячейкаларды жана идеологиялык партияларды күчтөндүрөт, колдоочу адамдардын демилгелүү чоң тобу бар үч же беш депутат өткөнүнө карабастан, аларды колдой турган бир нече миң же он миңдеген адамдары бар. Маселе мында эмес. Бул өкүлчүлүк болот”, — деп белгилейт Бердаков.

Саясат таануучунун пикиринде, бул система, тескерисинче, талапкерлердин тизмесине көптөгөн олигархтарды же таасирдүү аткаминерлерди тартып, 7% босогодон өткөн партиялар үчүн жаман болот.

“Элчи” коомдук жана саясий изилдөө борборунун директорунун айтымында, азыркы аралаш системада мындай партиялардын бир-экөөсү ЖКга өтүшү мүмкүн. Ал эми 3%дык  босого менен, кичинекей, идеологиясы бар, чындыгында «жандуу» партиялар өтөт, алар биригүүгө жана бир нече адамдын парламентте белгилүү идеянын же көз караштардын рупорлору болуп иштөөгө даяр болушат.

«Бул парламентте альтернативдүү идеялар айтылып турушу үчүн, партиялык-идеологиялык тутумдун өнүгүшү үчүн жакшы кадам», — деп баса белгилейт саясат таануучу.

Бердаков парламентте 35 мандаттуу орундардын түзүлүшүн туура деп эсептейт.

“Бул аймакка жана калкка жайылган өтө чоң райондор. Себеби ал жерде белгисиз адам жеңе албайт, бирок, дал ушул адамдар мамлекеттин келечектеги кадрдык резерви болуп саналат жана дал ушул жергиликтүү округдардын кеңейиши, жердешчиликти жана кландуулукту жеңип чыгууга мүмкүндүк берет, анткени талапкер бирден же үчтөн айылдардан тандалып алынбайт. Мисалы Таластын жарымынан же Нарын облусунан, — деп түшүндүрөт саясат таануучу.

Башкача айтканда, императивдик мандатты эске алуу менен күрөшүү бир топ татаалдашат жана жоопкерчилик дагы чоң болот, дейт ал.

“Шайлоочулар эми депутатты чакырып ала алышат, эгерде алар өз аймагынын кызыкчылыгы корголбой жаткандыгын сезсе, кайра чакыртып алууга аракет кылышат. Ага ылайык, депутаттарга төмөндөн көзөмөл күчөйт.

Булар төмөндөн катуу көзөмөл менен келген чыныгы лидерлер болот, анткени аларды бир айыл шайлабайт, бирок шайлоочулардын кыйла саны шайлайт. Ошондуктан, жалпысынан алганда, система кыйла прогрессивдүү жана кызыктуу”,  — деди Бердаков.

Аналитик ошондой эле азыр талкууланып жаткан жеңилдетилген тутум боюнча эксперттик пикирин билдирди: “Анын артыкчылыктары көп. Бирок артыкчылыктуу система — бул эки же үч шайлоо циклинин маселеси. Технологиянын өнүгүшү менен биз ага тигил же бул жол менен жетебиз. Бирок али эрте. Себеби, көп техникалык көйгөйлөр болуп жатат. Шайлоодо бардык адамдарга бул системанын маңызын түшүндүрүү керек, ал эми шайлоочулар баардыгы эле өтө өнүккөн эмес, улгайган шайлоочулар бар, жаштар бар.

Баарына алгач партияны тандап, андан кийин 1, 2, 3, 4, 5 жана башка сандарга артыкчылык берүү керектигин түшүндүрүү кыйын. Башкача айтканда, мындай система технологиялык жактан кыйла өнүккөн жана ачык айтканда, кыйла татаал. Ошондой эле олуттуу башаламандык болушу мүмкүн”.

Мындан тышкары, эксперт белгилегендей, жеңилдетилген тутумдун улуттук квота, гендердик квота, курактык квалификация жана майыптыкка квота берүүдө кемчиликтери бар.

“Мындай добуш берүү менен парламент моноэтникалык жана бир жыныстуу болуп калат. Сыягы жалан эркектер болот, байлар жана жашы 45тен 60 жашка чейинки мурдагы чиновниктер. Башкача айтканда, биз аялдардан жана жаштардан баштап, ар кайсы улуттагы адамдарга чейин эч кандай өкүлчүлүктү ала албайбыз”, — деп эскертет эксперт.

Денис Бердаков преференциалдык системанын өзүнчө бир кемчилиги, регионалдык кландыкка кайтуу деп атады.

«Мындай система боюнча талапкерге 10-25 миң шайлоочусу бар эки-үч гана чоң айыл керек, аларды кылдаттык менен муктаждыктарын чечип, колго алып, көнүлүн алуу керек. Бул алардын парламентке жетүүсүн шарттайт. Аларды жалпы өлкөнүн жашоосу, көйгөйлөрү, мамилелери кызыктырбайт.

Өлкөдөгү жашоо таптакыр башкача, республика башка өлкөлөр менен чектешет, жашоо деңгээли, айыл чарбасы, өнөр жай инвестициялык климаты боюнча ар кандай кырдаалдар бар. Бирок андай депутаттарда шайлоо иликтөөсү жана мунун бардыгын терең изилдөөгө умтулуу болбойт”  — деп эсептейт саясат таануучу.

Жыйынтыгында, ал бардык системалардын оң жана терс жактары бар экендигин, тутумдар өзгөргөнүн, бирок азыр сунушталып жаткан тутум:

— кыйла динамикалуу;

— азыркы системадан жаман эмес;

— кийинки бир же эки чакырылышта иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар;

— биздин өлкөдө болгон саясий чындыкка шайкеш жана кызыктуу.

 

 Булак: Вести.кж