Бүгүн 1-Май райондук сотунда Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасы каралып, ал дагы эки айга 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды.

Соттун эшигинде туруп, милиция кызматкерлеринин узатуусунда бараткан Төрөбай досубуз менен эки ооз болсо да сүйлөшүп калууга үлгүрдүм.
Ал аны колдоп жаткан журтчулукка ыраазычылыгын айтты! Сабыр кылалы! Бул болсо да кудайдын башка салган сыноосудур! Бул сыноодон бирөөлөргө жалгандан жалаа жаап же кандайдыр бир адамдардын жалаасын мойнума алайын дебейм. Мен адилеттүүлүк күтөм!
Адамдык сапатты бийик тутам, ошондой эле кудайдын чекеге жазганын көрөм! Бир гана айтарым, эл журт үй-бүлөм, бир туугандарым, досторум сиздер сабыр кылыңыздар! Мага санаркабаңыздар!!!Мен жакшы элемин, кудайга дуба кылып, эмне күн көрсөм да шүгүр деп отурам! Аман болуңуздар! Буйруса бары жакшы болот деди!