Мындай пикирин мурдагы президент Курманбек Бакиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Үсөн Сыдыков менен мен көп жыл чогуу иштеп, илгертен бери таныш болуп, ага ини катары жүргөнбүз!

Үсөн акенин 2005-жылкы март революциясына салымы чоң болгон! «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы катары өзүнүн тажырыйбасын жана билимин жумшап, эр жүрөк, тайманбас экенин көрсөтүп, Кыргызстандын тарыхында зор из калтырды десем жанылышпаймын.2005—жылы март революциясынан кийин Президентин администрациясын жетектеп, андан соң Президентин кенешчиси болуп иштеп, бүт күч-аракетин Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн, элдин бакубат жашосуна арнап кетти! Үсөн Сыдыковтун эмгегин жалпы эл баалап 2008-жылы ||| даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Кош бол Үсөн аке!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун !

Курманбек Бакиев”

Эске салсак, белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков кечээ, 28-июлда дүйнө салды. Алдын ала маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.