Туристтик мезгил учурунда жол-транспорт кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу Чүй жана Ысык-Көл облустарында кошумча посттор иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Посттор Кемин шаарында, «Ак-Кеме» участогунда, Балыкчы шаарында, Чок-Тал айылында жана Чолпон-Ата шаарында коюлат.

Аталган жерлердеги посттордо жол тескөөчүлөр менен бирге медициналык мекемелердин (нарколог) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш алып барат.