Нью-Йоркто коронавируска каршы эмделген тургундарга шаарга таандык вакцинация жүргүзүлгөн жерлерде ар бирине 100 доллардан төлөнөт. Бул тууралуу шаардын мэри Билл де Блазио билдирди.
“Биз Нью-Йоркто 10 миллион доза COVID19 вакцинасын алуу алдында турабыз. Шаардын каалаган борборунан эмдөөдөн өтүңүз жана 100 доллар алыңыз », — деп жазды мэр твиттерге.
Аталган шаарда чоңдордун 71% га жакыны — беш миллионго жакын адам коронавирустук вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышкан. 4,5 миллион адам (бойго жеткен калктын 65%) эмдөө циклин аяктаган.
Маалым болгондой, 26-июлда Нью-Йоркто мамлекеттик кызматкерлерге милдеттүү эмдөө киргизилген. Эмдөөдөн баш тарткан кызматкерлер жума сайын коронавирустук анализ тапшырып турушу керек.