Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин  басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деп кайра атоо боюнча токтом кылынат.

Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы” мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиясы;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.