«Акыркы беш жылда таксистмин. Көбүнчөсү түнкүсүн жолдо унаа тыгыны жок мезгилде иштегенге аракет кылам. Мындай пикирди активист Чыңгыз Ысманов социалдык тармактагы баракчасына, омоктуу ойлорду жазып, бүтүндөй  кыргыз журтун ойлондурган ой толгоосун жазып чыкты. Төмөндө Чыңгыз мырзанын  мигрант кыздар тууралуу жазган пикирин өзгөртүүсүз беребиз:

“Мындан беш жыл алдын Африкадан келген кара кыздардын секс индустрияда көп кездештирсем, акыркы эки жыл аралыгында кадимки эле кыргыз карындаштырыдмы, чакыруу менен (по вызову) иштегендерин көп кездештирчүү болдум, андан сырткары интернет сайттарда ачык сүрөт видеолорун коюп иштеген эже карындаштарыбыз көбөйдү. Ош менен Бишкектеги сойкулар баары Москвага көчүп келишкендей сезилет.

  1. Эмнеге жаш кыздарыбыз тез жаман жолго түшүп кетип жатат?
  2. Курьер болуп иштеп, баңги зат менен түшкөн 18-24 жаштагы улан кыздарыбыздын саны болуп көрбөгөндөй өстү, алган сроктору 8 жылдан башталып 15 жылга чейин, ошол эле котормочу болуп иштеген Салтанат Митиева эжекебиз, күн алыс талкаланган тагдырлар тууралу жазып келет, жүздөн 2% тарбиялык жактан пайдасын көрсө жаштар, а калган 98% жаштарда маалымат жок, ошол себептен да күн алыс баңги зат менен улан кыздарыбыз темир тор артына түшүп жатат.

Ким күнөөлү? Таш боор миграциябы? Же ата-эне тарбиясын көрбөй чоңойгон наристеби? Же аргасыз карап чоңойткон чоң ата менен тай атабы, же авасы менен таэжелерби?

А балким баарына баш болгон бийлер күнөөлүүдүр, Акаевден баштап Жапаровго чейинкилер? Же өз баласына, мээрим, сүйүү, көңүл берип чоңойто албаган мигрант ата-эне өзү күнөөлүдүр?

Ооба кызың сойку болгонуна эң биринчи биз кыргыз эркектери күнөөлүбүз, себеп колдогу гүлдү сен мен биз баарыбыз эркектер соолутуп жатабыз….

  1. Сен экөөбүз лох болбосок аялың ажааткана жуубайт эле…
  2. Сен экөөбүз лох болбосок, 18 деги карындашың 90 жаштагы кемпирди карабайт эле…
  3. Сен экөөбүз лох болбосок, карындашың, эжең бөлөк улуттун эркегинин астында акча үчүн абийирин сатпайт эле…

Чырмалышкан саясат, чырмалышкан мамлекет, соолуган гүлдөр (кыздар) туңгуюк туннелде бара жаткандайбыз, келечек караңгы, үмүтүбүз түгөнүп жаткан шамдай…

Өлкөдө бийлик, байлык талаш, өлкөдө кендер менен тендер талаш….

Келечек тууралу, өлкөнүн эртеңи тууралуу ойлонгон жан жок, биримдик деп кыйкырабыз, а жан дүйнөбүздү өзүмчүлдүк, эгоизм жеңип келет….

Куру намыс баарын жеңип, Кудайды кошуп карганып, мезгили келсе элди эмес, энесин сатканы даяр мыкты баатырлар чыкты, эл көзүнө кыйкырабыз, айкырабыз, жарым метр жылбай туруп жалпы элге берген сөздү антты бузабыз, бүгүн силер эртең биз уурдайбыз деген жазылбаган мыйзамды киргизди улуу муун…

Биз эркектер мезгил-мезгили менен мактанабыз, менин аялым мынча айлык алат, менин карындашым түкүнчө акча табат деп, мактанбай ыйлашыбыз керек, бир улутта бир лох поколениянын пайда болгонуна, мактангандын ордуна намыстанып иштешибиз керек, үй-бүлөнү мезгили келгенде улутту өлкөнү көтөрүшүбүз керек.

Майдаланып баратабыз, патриот болуп кыз келиндерге койкоңдойбуз, анализдегибиз келбейт, чындыкты моюндагыбыз келбейт, майдабыз майдаланып баратабыз…

Ошол эле өзбек туугандардан 3 млн мигрант бар, ошол эле Тажик туугандардан 2 млн мигрант бар, негедир алардан аз көрөсүн оң терс жүргөн эже-карындаштарды….

Эй кыргыз кызың эмес кыргыз жоголгону калды, эй кыргызым уулуң эмес улутуң жоголгону калды», — деп жазат Чыңгыз Исманов.