Орхан Инанды 22,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, уурдалган «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин директору куралдуу террордук уюмду башкарган деп айыпталууда. Анкара прокуратурасы Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурагандыгы белгиленди. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Эске салсак, 5-июлда Президент Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик ТРТ “Хабер” телеканалынын эфиринде ФЕТОнун эң жогорку лидерлери деп аталган Орхан Инанды колго түшүрүп, Түркияга алып кеткенин айткан.

Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда жоголгон. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанди төрт жолу президент Садыр Жапаровго күйөөсүн табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.