Бишкек ЖЭБине даярдалган көмүрдүн сапаты дыкаттык менен катуу текшерилет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан  маалымдады.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Жумгал районундагы Кара-Кече кениндеги «Ак-Жол» жана «Шарбон» көмүр кесиминин иши менен таанышуу үчүн барган.

Аткаминер көмүрдүн сапатына өзгөчө маани берүү керектигин, себеби буга чейин топурак аралашкан көмүр ташылганын эскерткен.

«Бишкек ЖЭБине ташылып жаткан көмүр өзгөчө көзөмөлгө алынат. Буга чейин топурак аралашкан учур катталган. Ошондуктан тазалоо иштери дыкат жүргүзүлүшү зарыл. Стратегиялык жана социалдык мекемелерге ташылган кара алтынды гана эмес, жарандарга сатыла турган көмүрдүн сапаты да катуу текшерилет», — деген министр.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБине бир сезондук жылытуу мезгилине жергиликтүү Кыргызстандан чыккан 1 миллион тонна көмүр колдонулат. Анын 950 миң тоннасын «Кара-Кече» көмүр кени камсыз кылат. Калган 50 миң тоннасы «Таш-Көмүр» кенинен ташылат. Мындан тышкары, ЖЭБге 643 миң тонна импорт көмүрү колдонулат.