Журналист Эрнис Кыязовдун  Фейсбуктагы баракчасына бирөөлөр  кирип, айрым маалыматтар өчүрүлүп калган. Ал мындан  ары өтө катуу кетпей, кагазга ороп жазаарын белгилеген.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

Фейсбук короомун кулпусун бирөөлөр талкалап ачып, жазган «оокаттарымды» ары-бери чачкылап көрүптүр, көбүнө тийбептир го-о, анча-мынчасын кайдадыр ың-жыңсыз жоготуптур. Эми,.. ким муну кылса да, кылдырса, ошол жакшыларга айтаарым: намегуңарды түшүндүм, өтө катуу кетпейм, бирок оюмдагыны жакшы максатта жаркырап жазып турам..

Көлдө ата-энем менен жакшы эс алдым. Эркеледим. Насааттарын уктум. Апама болгон фейсбукташтардын калоо-тилектерди окуп берсем бир жыргады. Көлдөгү туризм тууралуу жазылчу олуттуу жана күлкүлүү посттор оюмда тизилип турат, аны жазам.

Парламент мурунку президенттерге  энкейип бергендей, азыркы  президентке да ийилип берип чыныгы натурасын, жүзүн көргөзүптүр. Жогорку кенеш колдоп берген  «Фейк маалымат  тууралуу мыйзамдын түпкү максаты  «калп айткандарды тыюу» сыяктанымыш болгону менен эми «бөрк ал десе баш алуучулар», бу мыйзамдын шылтоосу менен эркин сүйлөгүсү келгендерге далай кызыктарды көрсөтөт окшоп калды..

Бабанов ден соолугуна  байланыштуу адвокаттары аны УКМКнын ченгээлинен убактылуу бошотуп «дарылатуу аракетин» көрүп жатыптыр. Буга чейин деле камалган канча лөк жолун таап «тергөө менен кызматташып» тыпыйып бошоп үй камагында «йоза гүл» болуп олтурушат..  Торобай Закир Уулунун адвокаттары деле канча аптадан бери негиздүү аргумент айтып какшап келатышат, негедир аны бошотушпай көшөрүп олтурушканы кызык. Өз, жат деген тандалма мамиледен мурунку  режимдердин камагычтары, соттору,  жарыган эмес эле,..бу жол менен кете беришсе аягы жакшы болбойт го…

Жамуха (Жамалбек Ырсалиев ) деген досумду Кудай өлө сүйөт окшобойбу, авто-кырсык берип сынап, Жараткан Аллах азыр басса-турса Жамке досумдун көңүлүнө күн-түнү уялап алыптыр. Шайырбек Абдырахман  досум аны өткөн апталарда тамашалап жөөлөп козу доолап жаттык эле, эми аманчылыкта, эсенчиликте, кырсыктан алыс болуу максатында козу өзүнөн өзү союлганы калды окшойт.. Ылайым эч ким кырсыкка, жаманчылыкка кабылбасын, айыгып кет Жамке.

Дагы бир жолу,.. ата-энеңерди сыйлагыла. Айрыкча карыганда болт-гайкалары бошоп, мурункудай ашып-такан энергиялары жоголуп, жылуу сөзгө, жакшы мамилеге муктаж болуп калышат экен жарыктыктар. Мүмкүнчүлүгүнөр болсо, Көл десе көлгө, санаторий десе санаторий, курорт десе курортко алып барып ата-эне үчүн убакыт бөлгүлө, «жумушум, ишим..бала-чакам.. тиричилигим..» дебей..

Баары жакшы болот! Көбүрөөк жылмайгыла. Аз күнчөлүк өмүрдө, юморго, позитивге көбүрөөк орун бергиле!

P.S. Дагы жазып турам. Каагазга оролгон узууун-узуун, мазмундуу-мазмундуу, жооон-жоон текстерден…

Эрнис Кыязов