«Мегаком» компаниясы Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

«Улуттук банк сатып алуучулардын бири болушу мүмкүн. Ал мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин кароосунда турат. Эгер Улуттук банк сатып алса, компания мамлекеттин мүлкү катары калат. Буга чейин сатууга бир нече жолу аракет болгон, бирок сатып алуучу чыккан эмес», — деди ал.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов компанияны сатып алуу боюнча расмий сунуш түшө электигин билдирди.

«Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин бул сунушту карап, изилдеп чыгып, андан соң ага ылайык чечим чыгарууга даярбыз», — деди Абдыгулов.

Бакиров билдиргендей, «Мегаком» акыркы ирет 6 жыл мурда баалоодон өткөн. Анда ал 19 млрд сомго бааланган. Компания сатыла турган болсо, анда ал кайра баалоодон өткөрүлөт.

«Кайра баалап, ал бүгүн канча турарын аныктайбыз. Программага киргенден кийин аукцион, түз сатуу же сынак аркылуубу, кандай жол менен сатыларын мыйзам менен белгилейбиз», — деди Бакиров.

Белгилүү болгондой, кечээ, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү» программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору депутаттардын кароосуна чыгарылып, ага ылайык «Альфа Телекомду» («Мегаком») менчиктештирүү жана «Кепилдик фонд» (14,09%), «Керемет банк» (0,74%) жана «Евразиялык сактык банкынын» (76,56%) үлүштөрүн ж.б. сатуу каралган.