Тажикстандын жарандары президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары бара жаткан унаага таш ыргытышкан. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан жаңжал 29-июлда болжол менен саат 20:00дөрдө болгонун билдиришти.

«Тажик жарандары Ак-Сай айыл башчысынын унаасын ташбаранга алышкан. Анын ичинде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары дагы болгон» , -деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталды.

Андан кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин Ифара райондук милициясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүсү болду. Жыйынтыгында тажик тарап келтирилген зыяндын ордун толтурат.