АКШнын  Юта штатында, жоголгон наристе өз бөлмөсүндө оюнчуктары салынган сандыкта жатып каза болгон абалда табылды. Бул тууралуу NY Daily News жазат.

Төрт жаштагы Каче Уоллис 24-июлда чоң энеси менен түнөгөн. Бирок, эртең менен бала жоголуп кеткен, чоң энеси аны эч жерден таба алган эмес. Туугандар үйдү толугу менен текшеришкен. Издөө ийгиликсиз болгондон кийин алар полицияга кайрылууну чечишкен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бала позициялык асфиксиянын айынан каза болгонун көрсөттү — ал кооптуу абалда жатканда муунуп калган.

Милиция баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.