Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду.

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары ант беришти.

Кадыр Атамбаев дагы күбөлүк жана төш белги алды. Ал шаардык кеңешке «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен келди.

11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо «Социал-демократтар» 5 мандатка ээ болушкан.

Кадыр Атамбаев 28 жашта. Ал Алмазбек Атамбаевдин эң кичүү уулу.

Бишкек шаарындагы №29 орто мектебин аяктаган. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин бизнес башкаруу боюнча бакалавр даражасын жана МГИМОнун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча магистр даражасын алган.