Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында өткөрүлү турган Борбор Азия мамлекеттеринин жолугушуусуна катышат.

Кечээ, 29-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен саммитти уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулаган.

Жолугушуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөрү, документтерге кол коюлары пландалган.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин кеңешме жолугушуусу былтыр августта Бишкекте өтмөк. Бирок коронавируска байланыштуу күз айларына, андан соң 2021-жылга жылдырылган. Күзүндө Ашхабад жолугушууну өзүндө өткөрүүнү сунуштагандан кийин президенттердин саммити Түркмөнстанда өткөрүлүшү мүмкүн экени айтылган.