Россиянын Sputnik V вакцинасын Өзбекстан кийинки жумадан чыгарып баштайт. Бул тууралуу 29 -июлда президент Шавкат Мирзиёев өндүрүштү ишке киргизүү учурунда билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, вакцина Алмалык шаарындагы Jurabek Laboratories өндүрүш ишканасында чыгарылат.

«Спутник V вакцинасынын биринчи партиясын өндүрүү иштери аяктап калды. Бул партия вакцинанын сапатын көзөмөлдөө үчүн Орусиядагы Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илимий изилдөө борборуна жөнөтүлгөн. Бул зарыл процедура, ал бардык жерде жүргүзүлөт. Эми биз текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз, андан кийин биздин республикада толук кандуу өндүрүштү жүргүзүүгө мүмкүн болот», — деген санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходыр Юсупалиев.