Зиядин Жамалдинов Ош облусунун активи менен жыйын өткөрдү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басарлары, Ош облусундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңеш төрагалары катышты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов район башчыларына пландалган иштерди аткаруу үчүн бир жума убакыт берди.

“Акимдерге бир жума убакыт берем. Мурда пландалган иштерди аткарып, мага маалымат бериниздер. Ошондой эле калкты тейлөө борборлордун санын көбөйтүшүбүз керек. Анткени айылдарда туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана  үйлөнгөнү тууралуу күбөлүк алууда көп кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул маселени тезинен чечишибиз керек ”,- деди Ош облусунун башчысы.

Ош облусундагы таза-суу, электр энергия, жер, жайыт сыяктуу бир нече көйгөйлүү маселелер бар экени айтылды . Аларды тез арада чечүү тууралуу тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

“Айрым айылдарда бир жума электр жарыгысыз отургандар бар экен. Бул маселени тезинен жөнгө салышыбыз керек. Аба-ырайына башланыштуу кургакчылык болуп дыйкандарыбыз кыйналып жатат. Суу чарба башкармалыгынын башчысы 1 айдын ичинде мага каналдарды казуу жана тазалоо боюнча сунуш алып келиңиз. Ошондой эле Ош облусунда фермерлерде тоют маселеси бар. Ошондуктан жергиликтүү жетекчилер тоют жетеби? Анализдеп чыгыныздар. Биз тоютту азыртан камдай башташыбыз керек ”,-деп кошумчалады Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына жана текшерүүчү органдарга кайрылып, текшерүүгө барган мамлекеттик кызматкерлерди айыл өкмөт башчылары кой союп  коноктомой адатты жоюу керектигин айтты. Ошондой эле коррупциялык элементтерди алдын-алуу керектигин белгиледи.