Президент Садыр Жапаров бүгүн эртең менен Facebook баракчасына пост жазып, алдыдагы ниетин билдирди.

Ал «Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргызды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек!» — деп жазган.

Посттун астындагы комментарийлерде муну кубаттап жатышат. Ошол эле учурда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун куугунтукталып жатканын эске салышкан.

Мамлекет башчынын постун бир сааттын аралыгында 200дөй интернет колдонуучу бөлүшүп, алдына 300дөй комментарий жазылган.