Түркиянын  Измир шаарына жакын жерге кулаган чоң метеорит тартылган видео  жарыяланды. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, метеор тууралуу кабарлар Измирден жана анын тегерегиндеги провинциялардан саат 01: 54тө келген. Социалдык тармактын колдонуучулары бири -бирине асман телосун көрсөтүп, сүрөттөрдү жана видеолорду активдүү жүктөй башташкан.

Түрк гезити метеорит Түркияны ири масштабдагы токоюн өрт каптаган убакта түшкөнүн белгилеген.

Ал эми социалдык тармактын айрым колдоонучулары, бир нерсе жарылган сыяктуу же жер титирөө болгондой «түшүнүксүз», бирок катуу үндү угушканын жазышкан.

Учурда метеордун учушу тууралуу расмий маалымат бериле элек.