Кыргызстанда төңкөрүш менен бийликти, анын аркасынан Конституцияны алмаштыруу сыяктуу эле, бийлик алмашкан сайын мурунку режимдеги таасирдүү делген (же кийинкилерге анча-мынча каш кайтарган, болбосо, атаандаш саналган) саясатчыларды камоо, куугунтуктоо кадимки адатка, алтургай жазылбаган эрежеге айланып калбадыбы!?.
Ошондой эле болду. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин да жоон топ саясатчылар камалды. А көпчүлүк адегенде: “Мына, коррупцияга каршы келишкис күрөш жүрүп атат! Мына, анык акыйкат эми орной турган болду!” деп ураалап, дуулдап, калпагын көккө ыргытып, түзүк эле элөөрүдү. Албетте: “Кокуй, сүттөн ак адамды, чыныгы эл уулун камап коюшту… Мыйзамсыздык өкүм сүрүүдө…” деп кыйкырган азчылык деле өзүнүкүн бербей турду…
Кыргызда саясатчылардын коррупционер катары айыпталып камалышы, ал тургай, ал иш “кылым кылмышына» байланып атса дагы, баары — убактылуу көрүнүш, түпкүлүктүү мамлекетттик кызыкчылыкка дагы, сот адилеттигинин, мыйзам бийлигинин өкүм сүрүшүнө дагы тиешеси аз саясий оюн. Эртең эле баары аралашып, ашмалтай болот. Бүгүн “коррупционер” делип камалгандар, алысыраак отурса, кайра “баатыр” болуп чыгат. Кыргыз көпчүлүгүнүн эстутуму кыска, ой жүгүртүүсүү тар. Алтургай интеллигенция катмарында дагы рационалдуу ой жүгүрткөндөр өтө аз. Ага кошумча, коомдун моралдык таразасы бузулган. Эртең-бүрсүгүнү эле баары жып-жылас унутулат да, кайра баары “башынан башталат” — деген ойдо, өлкөдөгү “коррупцияга каршы айыгышкан күрөшкө”, камак-сүргүнгө анча маани бербей, ага байланыштуу соцтармактагы ызы-чуу, талаш-тартыштарга үстүрт карап келаткам…
Көп күттүрбөй эле, камалгандардын көпчүлүгү, ал тургай, Кумтөр алтынына байланыштуу айыпталган өкмөт башчылары дагы ар кандай себеп, айла-амалдар менен абактан убактылуу боштондукка чыга баштады. (Алардын арасында эбактан коомчулукта накта коррупционер катары сыпатталып, алчы-таасын жеген шылуундары канча?.) Эми бул деген, ошолордун кылмыш жоопкерчилигинен кусуп кутулабы, же ч…п кутулабы, иши кылып, биротоло кутулуп кетет деген эле кеп.
Ушундай жагдайлардан улам, “дүйнөдөгү эң гумандуу сот –кыргыз сотунун” тигиндей “ырайымына” илинбей, абакта калган бирин-эки саясатчынын бири Төрөбай Зулпукаровго байланыштуу өз пикиримди айтып койгум келди.
Баарыбызга байкалып турат, коррупцияга шектелип камалган саясатчылардын ичинен Төрөбай Зулпукаровчолук эч ким коомчулуктун колдоосун алып, жан тартуусуна ээ болгон жок. Депутаттын коррупциялык кылмыш боюнча айыпталышына шек менен карап, анын тазалыгына, арам ишке барбастыгына кепил болуп, пикирин билдирип, моралдык колдоо көрсөтүп келаткан көпчүлүктүн арасында карапайым айылдыктар да, чыгармачыл, журналист, саясатчы – белгилүү адамдар да арбын. Албетте, бу да өзгөчө көңүл бурар көрүнүш.
2009-жылы кыргыз саясатына кайдыгер эмес бир топ жаштар Нургазы Мусаевдин демилгеси менен чогулуп, сүйлөшкөн элек. Төрөбай менен ошол жерде таанышып, анын токтоо мүнөзүнө, орундуу сүйлөгөнүнө карап, жылуу пикирде калгам. Анан эле бакиевдик режим аласалды, 2010-жылы Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп калды. Ошол учурда өзү телефон чалып (анда мен “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору элем), легендарлуу генерал Ысакбек абам тууралуу жазган китебимди сурап калды. (ЖК депутатынын “ушу китепти окуюн дедим эле” деп ынтызарланышы деле кыргызда чанда кездешчү иш. Бизде депутат болгон киши бирөөдөн китеп сурап окумак кайда, “баарын мен билем, “любой” маселени ичип-жейм” деп, башкага акыл үйрөтүп гана калат эмеспи?..)
Бир жагы жашыбыз тең, кийин Төрө дос менен кээде бир жерде чогуу отуруп, кээде кай бир маселе боюнча жумушуна барып кайрылган же телефон чалган учурлар болду. Ал кандай иш боюнча кайрылсаң да кунт коюп угуп, негиздүу болсо колдоосун көрсөтчү. Телефон чалсаң маалкатпай өзу алчу. Бирөөлөр аны бийликтеги “таасирдүү фигура” деп да журдү. Бирок, мен анын таасирдүүлүгүн, ошого манчыркап , көпкөнүн деле көргөнүм жок. Алгач таанышкандагы Төрөбай боюнча эле жүрдү.
Дегеле, Төрөбай Зулпукаров чоң саясатка аралашканы ири финансылык маселелерди чечип, мамлекет пулун ара-бери сапырып, оң-сол чөнтөккө жымырып жибере турган кызматта турган жок. Ырас, Жогорку Кеңештин эки чакырылышына депутат болду. А депутат-эл өкүлү, көпчүлуктүн назарындагы, оозундагы адам. Ал парламентте кандайдыр шектүу маселелерди көтөрүп, же кыйды кызыкчыктардын арыгын чапканын деле көрбөдүк, укпадык. Тескерисинче, сунуш кылган айрым мыйзамдары менен коомчулуктун алкоосуна татып жатты. Жана да, өзун “макалё-сакалё” эмес, парламенттеги билими, саясий түшүнүгү жетик, активдүу депутаттардын катарында көрсөтө алды.
Ток этерин айтканда, мен таанып-билген Төрөбай Зулпукаровдун оңой-олтоң эле кыска ойлуу кызыкчылыкка жетеленип, арам акчага азгырылып кетип, мамлекетке, элге каршы иш кылгандыгына ишенүү кыйын. …Арийне, эми анын күнөөлүү-күнөөсүздүгүн сот аныктайт дейин десең, те акаев заманынан бери Кыргызстанда сотторго эч ким ишенбейт: Сот десе, Президентти, Президент десе, Сотту түшүнөт. Демек, иштин баары азыркы бийлик мыкчыгерлеринде. Алар Төрөбай Зулпукаровдой элдик колдоого ээ саясатчыга каршыгып, өчөгүшүп, абийир таппашын аңдап, азыртадан ага башкалар катары шарт түзүп, үй камагына чыгарганы, андан ары сот бийлигине толук эркиндик бергени оң.
Абдувахаб Мониев, журналист.