Психологиялык изилдөө учурунда жашы өтүп, улгайып калган адамдар жашоосунда кандай каталарды кетиришкенин жаш муундарга сабак болсун деп айтып беришкен экен. Төмөндө алардын айткандарынын баарын топтоп сиздерге сунуштадык! Балким жашооңузга көмөгү тийип калат.
1-ката:
Өнөр үйрөнүүгө, окууга жана билимге дилгир болбогонума өкүнөм. Билим көбүрөөк жакшы жашоого жетишүүгө шарт түзөт, жаш кезде керектүү өнөрдү үйрөнүп, билим албай калуу убакыт өткөн сайын кыйынчылыктарга алып келет экен.
2-ката:
Сүйүүдө кереметтерди күтүп отургандын кереги жок демекчимин, бир убакытта түгөйүң пайда болуп калат деп ишенүүнүн да кажети жок. Жар тандоого активдүү киришип, тааныштар, достор, туугандарга мага кандай адам жагарын, турмуш курууга, үйлөнүүгө даяр экенимди айта жүрбөпмүн. Убакытты өткөрүп жибердим.
3-ката:
Өзүмө жакпаган иш менен көп жылдар жанымды кыйнап алектенген экем. Мүмкүнчүлүк барында жакпаган ишти алмаштырбаптырмын, кийин таптакыр эле кеч болуп калды. Азыр көзүмдүн курчу жок, каруумдун кубаты жок. Өмүрүмдүн күзүндө туруп ушуну ойлондум.
4-ката:
Жеке жашоомду, сырларымды, идеяларымды кесиптештериме жана башкаларга айта бериптирмин. Алар болсо аны менин алсыз жерим катары кезеги келгенде курал кылып колдонушту. Тандаган адамдарга гана ишенүүгө боло турганын кеч түшүндүм.
5-ката:
Эң начар жана зыяндуу адат — алкоголь жана алкоголизм. Аны менен “достошкон” жылдарым ден соолугумду, акчамды, досторумду, үй-бүлөмдү, перспективаларымды алып кетти. Ичимдик ичүүнү эч качан баштабоо керек.
6-ката:
Кандай гана жагдай болбосун кыялдарымды ишке ашырууга умтулбаптырмын. Ага жетиш үчүн аракет кылсам болмок экен.
7-ката:
Акчага туура мамиле кылганды билген эмес экемин. Эч качан чогулткан эмесмин, пайдасыз буюм-тайым, кийим-кече алыпмын, насыяны көп алыпмын. Карызга кирип кетиш оңой, чыгып кетиш кыйын. Жашоомо эң керектүү учурда акча болбой калды.
8-ката:
Башкалар мен жөнүндө эмне ойлосо дагы алардын пикири экенин билбептирмин. Сын, ушак, көрө албастык – өз жашооң менен жашасаң эч кандай мааниге ээ эмес. Менин үйүмдүн жарыгы алардын үйүнө тийген жок.Мен өз жашоом менен өзүм калдым.
9-ката:
Баардыгы өз мезгилинде келет дегенге ишенип отуруп алыпмын.
Булак: beles.kg