Белгилүү журналист Баян Кулова Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдө эс алуудагы социалдык тармактарга жарыяланган сүрөтү боюнча Facebook социалдык тармагына пикирин калтырган:
«Айланайын, бул сүрөттөн саясат жасабагылачы!!! Биринчиден дүйнө эли президенттин баракчасын, негизги жаңылыктарды карап турушат. Алар көргөн Ысык-Көл оң жагынан жарнама болот. Анан экөөнүн урушту тытышты дегендерге жакшы жооп болуптур. Мамлекеттүүлүк үчүн да эки достун урушуусун каалабайм!!
Өз өлкөсүндө эс алууга булардын деле акысы бар. Дем алууга, көлгө түшүүгө тыюу салынды беле же?
Жаңылбасам президент 5 жылдан бери көлгө түшө элек түрмөдө жатып. Түшсүн, барсын. Алар бийликте эле турганы болбосо биздей эле #жарандар.
Же Нурсултан Назарбаевдей болуп эс алуусун майке түрсүкчөн #Дубайда өткөрүш керек беле?
Эми анча майдалануубуз туура эмес. Керемет көлүбүзгө эмне жетсин, көзүм чачырап араң жүрөм.
Кудай жалгагырлар жакшы пикир айталы, чын негативден укмуш чарчадым. Эми каталыгы болсо мен деле айтам, бирок бул жерде тепкилеген туура эмес. Мыйзамдагы эс алуусун көлдө өткөрүүгө эч ким каршы эмес. Алар робот эмес да, күнү-түнү иштегидей» — деп жазган Баян Кулова.