Адатта адам баласы жашоодо баары ойдогудай орун алдып, жакшы болгондо маанайыбыз жакшы болот. А бирок, бир эле жеңишке жетишип же майрам күндөрү гана көңүл көтөрбөй, ар убак жылмайып, жакшы маанайды сактап жүрүүнүн сырларын төмөндө сиздер менен бөлүшөбүз.

  • Таң эрте төшөктөн ойгонгондо жылмаюу менен ойгонуңуз. Бул үчүн сиз уктоочу бөлмөңүзгө маанай көтөргөн же жылмайып турган быйтыкчаларды илип алсаңыз болот.
  • Төшөктө бир-эки мүнөт дене-боюңузду чойгулаганча жакшы бир күлкүлүү окуялардан эстеңиз.
  • Төшөктөн турганда жагымдуу музыка угуңуз.
  • Андан соң 10 мүнөт зарядка жасаңыз.
  • Өтө ыссык эмес жылуу суу менен же муздак сууга жуунуңуз.
  • Өзүңүзгө эрең мененки тамактуу даамдуу даярдаңыз. Таңкы тамактанууда шоколад жегенди унутпаңыз.
  • Жумушка 10-15 мүнөт эрте чыгып, жок дегенде бир аялдама басканга аракет кылыңыз. Бул учурда кулагыңызда жагымдуу музыка жаңырып турганы сизге артыкчылык кылбайт.
  • Коомдук транспортто смартфонуңуздан таңкы жаңылыктардыэмес маанай көтөргөн азил тамашаларды көрүңүз.
  • Адамдар менен саламдашканда жылмаюу менен саламдашыңыз, алар да сизге так ошондой салам берет.
  • Комедия жанрындагы тасмаларды көбүрөөк көрүңүз.
  • Соңунда айтарыбыз, жылмаюуну чын жүрөктөн жасаңыз. Жасалмалуулуктан алыс болуңуз. Жакшы маанайды жаныңыздагы адамдардан алганды үйрөнүңүз. Айланаңызда наалыган, тагдырына таарынган эмес, алардын баарын ичине жакшы маанай менен жашырып жүргөн адамдар менен достошуңуз.