Бишкек шаарына мэр болору  айтылган Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 2-августта түштөн кийин Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мэрди коллектив менен тааныштыруу эртең болушу мүмкүн. Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп келери маалымдалган.

Ал эми Ош шаарына, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болот. Ал эми Мамбетов аркалап келген бул кызматка Бишкектин учурдагы мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов келе тургандыгы маалымдалган.