Бүгүн Аскар Акаев уулу менен Бишкекке учуп келет

Бүгүн, 2 -августта Аскар Акаев уулу Илим менен Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Кактус медиа агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев 2005 -жылы өлкөдөн качып кеткенден бери Кыргызстанга келген эмес. Илим Акаев Бишкекке бир нече жолу келген, анын ичинде 2014 -жылы таякесин (Аскар Акаевдин агасы) акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген

Эске салсак, Акаевдин үй -бүлө мүчөлөрүнө жана анын тегерегине карата бир катар кылмыш иштери козголгон. Жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондунун ишмердүүлүгү боюнча 30дан ашык кылмыш иши козголуп, алар мамлекетке 64 миллион сом зыян келтирген.

8 -июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча издөөдө жүргөнүн жарыялаган. Анын айтымында, Аскар Акаев 1990- жана 2003 -жылдары Кумтөр боюнча инвесторлор менен келишим түзүүдө мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

2020 -жылдын 4 -ноябрында башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдары Кыргызстандын мурдагы эки президенти – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта турганын билдирди.