Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын аркалап келген Бактыбек Кудайбергенов КР президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин иш башкаруучусу кызматын ээлеп келген Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.