Кыргызда «султан сөөгүн кордобойт» деген  сөз бар. Туңгуч ажонун тергөө менен кызматташууга макулдугун берип, элдин эртеңи үчүн жасаган кадамынын өзү чоң эрдик. Ошондуктан  калың журт, кеч болсо да катасын мойнуна алып кызматташуу үчүн келген алгачкы президентти кечирсек жакшы болгону турат.

Аскар Акаев Кыргыз мамлекеттинин өнүгүүсү үчүн жасаган эмгеги зор. Алыс кетпей сомду айталы. Башка коншу өлкөлөрдөн алдыга озуп, биринчилерден сомаду валюта кылып киргизген. Азыр да кунун жоготопой, кошуна мамлекеттердин валютасына салыштырмалуу  кыйла  өйдөдө турат.

Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт  Астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген. Андыктан туңгуч ажонун билимин жаштарга сиңиртип калсак бул өтө чоң жетишкендик болот, эртеңки келечек үчүн.

Экинчиден Акаев келди Бакиев келет дегендерге. Эгер Бакиев да акылына келип, элин ойлосо, келсин кызматташсын анын жолун ким торомок эле. Алгандын бермейи бар деген, элдин казынасы элге гана таандык.

Улам бир ажобузду куупбашкаларга шылдың болбой, тескериснче жакшы жагыбыз менен да өзүбуздү көрсөтө билели. Азыркы бийликтин, аксакалдарды сыйлап, куса болуп жүргөн мекенине алып келип, кызматташканы бул эң жакшы көрүнүш!

Жазгүль Баяналиева