Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.  Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Мындан тышкары Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп саналат.

Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылдын 2-июнунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ал 1998-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине англис тили жана адабияты адистигине тапшырган (окуп жатканда Германияга которулган). 2007-жылы Людвигсбургдагы (Германия) PH-Ludwigsburg педагогикалык университетин (дидактика жана англис тили) аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты. Тарых илимдеринин доктору.