Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду. Маркумдун жакындары окуя үчүн медицина кызматкерлерин күнөөлөшкөн.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, факты ЕРПП катталып, текшерүү башталды. Дарыгерлер жана медайымдар суракка алынууда.
Жабырлануучулардын өздөрү азырынча милицияга арыз менен кайрыла элек.