Экономика

Өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа төмөндөйт

Өлкөдө өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа төмөндөйт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, август айында өлкөгө кошумча нарк салыгы нөлгө барабар болгон 40 тонна кумшекер алып келинет. «40 миң тоннанын келиши биздин керектөөчүлөргө олуттуу таасир этет. Жетишсиздик болбойт, нөл ставкасын эске алуу менен баасы төмөндөшү керек», — деген Маматоморов.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button