Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, «Кумтөр» иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары үстүбүздөгү жылдын 27-майында да сурак берип чыккан.