Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев олимпиадалык улуттук курама команданын спортчуларын колдоо үчүн Ала-Тоо аянтына келди.
Белгилүү болгондой, «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары Акжол Махмудовдун финалдык беттеши, Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында чоң экранда көрсөтүлүүдө.
Учурда «Ала-Тоо» аянтында эл чогулуп, балбандардын килемге чыгуусун чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Чогулган колдоочулардын арасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди да бар.
«Биздин спортчуларыбыз мамлекетибиздин намысын жакшы коргоп жатышат. Айрыкча күрөштө биздин уул-кыздарыбыз жакшы чыгып жатат. Акыркы 50 жылдан бери мындай ийгиликке жете элек болчубуз. Ошондуктан бүгүн биз үчүн, мамлекетибиз үчүн тарыхый күндөрдүн бири болот деп ойлойм», — деп билдирди Ташиев.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова жарым финалда Бишкек убактысы боюнча саат 15: 15те беттешет.
Акжол Махмудов финалда саат 16: 30да беттешет.
Ошондой эле саат 17: 55те Мээрим Жуманазарованын коло үчүн күрөш болот.