Бүгүн, 3-августта кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет мелдешке чыкты.
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалда жеңишке жетишип, финалга чыкты.
Айсулуу украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.
Ал эми чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен беттешип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.