Бүгүн, 3-августта борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбандардын беттеши түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Аянтка чогулган эл менен чогуу спортчуларды сүрөөнгө алып,УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов, биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана күрөш күйөрмандары чогулду.

Белгилүү болгондой Айсулуу Тыныбекова 10:0 эсебинде атаандашын утуп, финалга чыкты. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль үчүн күрөшсө, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашат.