Кыргызстандык 22 жаштагы спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, упай айырмасында утуп алды.

Атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады. Муну менен кыргыз спортчулары экинчи медалды алып келди.

Мээрим таймаштын башында эле демилгени колго алып, мыкты чабуулдарды жасап, ал ийгиликтүү болду.

Ал баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.