Биринчи жолу башкы подрядчынын милдетин ата мекендик компания аткарып, Ысык-Көл облусунда Балыкчы–Барскоон унаа жолун реконструкциялоо ишин баштады. 

Ысык-Көл облусунда Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун Балыкчы–Барскоон тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоор башталды.

Долбоор «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржылоосу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругу менен ишке ашууда.

Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда, ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт.

Бөлүүчү тосмо менен 4 тилкелүү жол пландалууда, асфальттын үстүңкү катмарын куруу үчүн SCHMA (майдаланган таш-мастикалык асфальт бетон) колдонулат. Белгилей кетсек, Балыкчы–Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания – Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат. Жол тармагында 30 жылдын ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.

Ошентип, Балыкчы–Барскон долбоору Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүүнүн баштапкы чекити болуп калат.