«Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факты боюнча кылмыш иши тергөө улантылып жатканын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеме мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөгө келсе камакка алынарын белгиледи. Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык кылмышка аралашкан бир нече кызмат адамдарына, Жогорку Кеӊештин депутаттарына кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарламалар берилген. Анын ичинде 1992-жылдагы «Кумтөр» жөнүндөгү башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылдагы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоодогу коррупциялык аракеттери үчүн мурдагы президент Аскар Акаевге шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган.

«Аталган иш боюнча зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана укук коргоо органдарындагы башка маселелерди тактоо үчүн 2021-жылдын 2-августунда Акаев Бишкек шаарына алынып келди. Учурда ал тергөө органдары менен активдүү кызматташууда. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча тактоо иретинде төмөндөгүнү билдиребиз, эгерде ал Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн Курманбек Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген», — дешти мекемеден.